Таласта жергиликтүү тургундун үйүнөн 21 кг марихуана табылды

Талас шаарынын тургунунун үйүнөн 21 килограммдан ашык марихуана табылды.

Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

“Канал-Невский щит” эл аралык баңгизаттарга каршы операциясынын алкагында Талас шаарындагы үйлөрдүн биринде тинтүү жүргүзүлгөн.

Анда жеке үйдүн сарайынан өзгөчө жытка ээ марихуана салынган 1,5 кап табылган.

Ушул эле үйдүн аймагында жайгашкан мончодон ичинде май суюктугу бар бир литр пластик бөтөлкө табылган.

Экспертизанын алдын ала корутундусу боюнча, аталган суюктук каннабис экстракты болгон.

Алынган марихуана затынын жалпы салмагы 21 кг 385 граммды, каннабис экстрактыкы 475 граммды түзду.

Бул кылмыш ишинин негизинде көрсөтүлгөн дарек боюнча жашаган 28 жаштагы У.А. кармалып, иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.