Бишкекте жол оңдоого тоскоол болгон объектилер алынууда

Бишкекте жол оңдоого тоскоол болгон объектилер алынууда.

Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, «Ынтымак» сейил багындагы балдар аттракциону, Жайыл Баатыр көчөсүндөгү жол реконструкциясына тоскоол болгон пайдубал жана Маликов көчөсүндөгү реконструкция иштерине тоскоолдук жараткан дүкөн ыктыярдуу түрдө демонтаждалды.

«Ал эми Чыгыш-5 кичирайонундагы 90 чарчы метр күркө жана Чүй проспектисиндеги №34 үйдүн жанындагы имаратка бекитилген чатыр эскертүүлөргө баш ийбей койгондугуна байланыштуу муниципалдык инспекция тарабынан бузулду.

Ошондой эле Жаш Гвардия бульварын бойлой Чүй проспектисинен Жибек-Жолу проспектисине чейин 50 жарнама конструкциялары (тиркемелер) алынды», — деп айтылат билдирүүдө.

Белгилеп кетсек, Бишкек мэриясынын көрктөндүрүү жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы күн сайын объекттерди орнотуунун мыйзамдуулугун текшерип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, өз ыктыяры менен демонтаждоо боюнча эскертүүлөрдү берип келет.