Бишкек жана Чүйдүн айрым аймактарында эртең таза суу өчүрүлөт

Бишкек жана Чүйдүн айрым аймактарында эртең таза суу өчүрүлөт. Мэриянын маалыматына ылайык, эртең мененки саат 9дан кечки 7ге чейин суу Акыл-Карачач, Ахунбаев, Долон-Бий көчөлөрүндө, Ак-Өргө, Ак-Ордо конуштарында, Сарбан, Жал, Төмөнкү жана Жогорку Орок, Достук айылдарында жок болот.

 

Убактылуу чектөөлөр “Баш Кара-Суу” кампасында оңдоо иштерине байланыштуу.