Кыргызстанда жер көчкү коркунучу бар аймактардын картасы түзүлүүдө

Кыргызстанда жер көчкү коркунучу бар аймактардын картасы түзүлүүдө.

 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, ал үчүн Өзгөн, Алай жана Сузак райондорундагы кооптуу жерлерде мониторинг жүргүзүлөт. Изилдөө жаңы ыкмалар менен жүргүзүлүп, божомолдоонун тактыгы жогорулайт.

 

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда жалпысынан 4 миңдей үй-бүлө кооптуу аймакта жашайт. Аларга көчүп кетүү зарылдыгы эскертилген.