Кыргызстанда жетекчилик кызматтардын үчтөн бирин гана аялдар ээлейт

Кыргызстанда жетекчилик кызматтардын үчтөн бирин гана аялдар ээлейт.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына караганда, өлкөдөгү ишканалардын жетекчилеринин 28 пайызын гана аялдар түзөт.

Кыргызстанда иштеп жаткан чарбалык субъектилердин жетекчилеринин жалпы саны 740 миң 460тан ашык болсо, анын ичинен 530 миң 940ы эркектер, 209 миң 525тейи аялдар. Жетекчиликте эң аз аялдар Баткен облусунда, эң жогорку көрсөткүч Бишкек шаарында катталган.