Социалдык фонд кийинки жылы пенсияны 8 пайызга көтөрүүнү пландоодо.
Бул тууралуу Жогорку Кеңештин фракция жыйынында ведомство жетекчиси Бактияр Алиев билдирди.
Анын айтымында, жыл сайын 40 миң жаран пенсияга чыгат.
Пенсияга жаңы чыккандарга 2023-жылы бюджеттен 41 миллиард сом, Социалдык фонддон 50 миллиард сом каралган.
Келерки жылы пенсияны 8 пайызга көтөрүү пландалууда, бул үчүн 1 миллиард 480 миллион сом каралган, — деди Алиев.