Улуттук банк накталай АКШ доллары тартыш болуп жатканын билдирди

Бүгүн, 2-декабрда Улуттук банк өлкөдөгү валюта рыногундагы акыркы жагдай боюнча социалдык тармактардагы баракчалары аркылуу түшүндүрмө таратты.

Анда накталай АКШ доллары тартыш болуп жатканын аны өлкөгө алып келүү тартиби бузулгандыгы менен түшүндүрдү. Ушул тапта өлкөдө доллар муктаждыгын камсыз кылуу үчүн атайын операциялар жүрүп жатканы белгиленген.

 

Бир нече айдан бери Кыргызстанда коммерциялык банктар накталай доллар сатып алууга чектөө киргизип, банктык эсептен доллар чыгарып алууга 0,5% — 4% комиссиялык төлөм алып жатышат. Улуттук банк мындай пайыздык төлөмдү коммерциялык банкттар ички уставына жараша койгонго укугу бар экенин билдирди.

2022-жылдын январь айынан баштап коммерциялык банкттар менен каржы уюмдарына 131 текшерүү жүрүп, 31 эскертүү, 60 жазуу түрүндө буйрук жана 13 сунуш-көрсөтмө берилген.

 

Улуттук банк лицензиясыз акча алмаштыргандар жоопка тартыларын эскертүүдө.

 

Кыргызстанда ири суммадагы соода-сатык, насыя, бизнес негизинен АКШ долларына байланган. Учурда накталай доллар тартыштыгы, банктардагы чектөөлөр, кошумча комиссия акысы ишкерлерге түйшүк жаратып, айрымдардын кирешеси азайганы айтылууда.