Дүйнө жакында сейрек кездешүүчү астрономиялык окуяга күбө болот

Ушул айдын аягында дүйнө сейрек кездешүүчү астрономиялык окуяга күбө болот.

Юпитер, Меркурий, Уран, Марс жана Венера асманда бир катарга тизилет — бул окуя планеталардын парады деп аталат.

Аны 28-мартта күн баткандан кийин дароо көрүүгө болот.

Эң жакшы Меркурий менен Юпитер, андан кийин Венера көрүнөт.

Марс анча жакшы көрүнбөшү мүмкүн, ал эми Уранды көрүү үчүн дүрбү же телескоп керек болот.