Кыргызстанда жыл аягына чейин 14 бала бакчанын курулушу аяктайт

Кыргызстанда жыл аягына чейин 14 бала бакчанын курулушу аяктайт.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда республикалык бюджеттин эсебинен 55 бала бакча курулуп жатат, анын 14ү жаңы жылга чейин жыйынтыкталат.

Соңку 10 жылда өлкөдө 24 бала бакча курулса, акыркы 2 жылда биз 26ны курууга жетиштик, — деди чиновник.

Ал белгилегендей, быйыл мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде кошумча 4миң орун түзүлдү.