Кыргызстанда жыл башынан бери 650 чакырымдан ашык жол асфальтталды

Кыргызстанда жыл башынан бери 650 чакырымдан ашык жол асфальтталды. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, бул 2022-жылга салыштырмалуу дээрлик бир жарым эсеге көп.

 

Жолдорду оңдоо инвестициялык долбоорлордун жана бюджеттик каражаттардын эсебинен жүргүзүлгөн.

 

Мындан тышкары, Нарын шаарынын ички көчөлөрү, ошондой эле Нарын, Казарман, Талас, Жалал-Абад жана Кербен аэропортторунун учуп-конуу тилкелери жана перрондору жаңыртылды.