Ысык-Көлдө желим буюмдарды колдонууга каршы кампания уюштурулду

1-июлда Балыкчы шаарында «Ысык-Көлдү сактайлы» деп аталган маалыматтык кампания өттү. Иш-чара желимден жасалган буюмдардан экологиялык таза кагаздан жасалган буюмдарга өтүүнү жайылтууну көздөйт.

 

Анда сүйлөгөн сөзүндө Министрлер кабинетинин төрагасыеые орун басары Бакыт Төрөбаев желимден жасалган буюм-тайымдарды колдонбоого чакырды.

“Керемет жерибиз болгон Ысык-Көлүбүз дүйнө эли суктана турган, туристтер агылып келе турган жерге айлансын десек, алгач өзүбүздөн баштайлы, желимден жасалган буюмдарды сатууга жана колдонууда намыска келүү идеологиясын жүргүзүүгө чакырам”, — деген Төрөбаевдин сөздөрү Министрлерин кабинетинин расмий сайтында жарыяланды.

 

Вице-премьер-министр Ысык-Көл 2001-жылы ЮНЕСКО тарабынан Бүткүл дүйнөлүк биосфералык резервуар тутумуна киргизилип, дүйнөдөгү эң кооз 15 көлдүн катарына киргенин кошумчалады.

 

Иш-чаранын башкы максаты — калкты жана туристтерди полиэтиленден жасалган буюмдардын, алардын калдыктарынын экологияга, айлана-чөйрөгө жана адамдардын саламаттыгына тийгизген заяны жөнүндө жеткирүү.

 

Жогорку Кеңеш “Кыргыз Республикасынын аймагында полимер пленкасынан пакеттерди жүгүртүүнү чектөө жөнүндөгү”мыйзам долбоорун үчүнчү окууда колдогон.

Эми ага президент кол койсо өлкөдө 2027-жылдан тартып желим баштыктарды өндүрүүгө, импорттоого, колдонууга толук сыюу салынат.