2024-жылкы Европа чемпионатынын негизги фаворити аныкталды

2024-жылкы Европа чемпионатынын негизги фаворити аныкталды. Goal.com интернет-порталынын маалыматына караганда, Франция курама командасы тизмеде биринчи орунда турат. Рейтингдин түзүүчүлөрү экинчи орунду Португалияга беришти. Англия үчүнчү орунду ээлейт.

 

Италиялыктар, башкача айтканда, Европанын учурдагы чемпиондору 11-орунда.

 

Рейтинг 2-декабрда өткөн тайпалык баскычтын чүчү кулак кармоону эске алуу менен түзүлдү. Белгилеп кетсек, алдыдагы турнир 17-ирет өтө турган футбол боюнча Европа чемпионаты. Беттештер жайында Германияда болот.