Облустук ооруканаларга орнотулган компьютердик томографтар медициналык сүрөттөрдүн санариптик бирдиктүү түйүнүнө кошулду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Демилгенин негизги максаты — медициналык сүрөттөр менен алмашууну жеңилдетүү. Мындай ыкма аймактардагы бейтаптардын диагностикадан өтүүсүн жана дарыланууну баштоосун жеңилдетет. Сүрөттөрдү мекемеден мекемеге жөнөтүү зарылчылыгы жоюлуп, убакыт үнөмдөлөт.