Россия Кыргызстандан ташылган сүт жана балык продукциясына чектөөлөрдү алып салды

Россия Кыргызстандан ташылган сүт жана балык продукциясына чектөөлөрдү алып салды.

 

Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей, мындай чечимге россиялык талап биздин өлкөнүн ветеринардык кызматы менен сүйлөшүүлөрдөн кийин келди.

 

Белгилеп кетсек, кызмат ЕАЭБдин бардык санитардык талаптары боюнча бузууларды жойду. Эми 2 балык иштетүүчү жана  сүт азыктарын өндүрүүчү 4 ишкана Россия рыногуна  өз продукциясын жеткире алат.