Кыргызстандагы Сары-Жаз ГЭСтер каскадын Кытайлык компания курат

Кыргызстандагы Сары-Жаз ГЭСтер каскадын Кытайлык компания курат. Тиешелүү меморандумга Синьцзян-Уйгур автоном районунда кол коюлганын Энергетика министрлиги билдирди.

 

Мындан тышкары, «Кемин-Торугарт» жогорку чыңалуудагы электр линиясын куруу тууралуу да документке жетишилди.

 

Белгилеп кетсек, Ысык-Көл облусундагы Сары-Жаз суусуна 1 миң 100 МВт кубаттуулуктагы алты ГЭС куруу планы 1982-1987-жылдары иштелип чыккан. Бирок иш ушул кезге чейин токтоп турган.