Ак-Талаада 75 млн сомго 90 орундуу бала бакча курулууда

Ак-Талаа районунун Ак-Тал айылында 90 орундуу бала бакчанын имаратынын курулушуна капсула салынды. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.

 

Ак-Тал айылындагы бала бакчанын имараты 1961-жылы ашар ыкмасы салынган. 2016-жылдагы жер титирөөдө имарат авариялык абалга келген.

 

Жаңы бала бакча курууга райондук архитектура башкармалыгы тарабынан жер тилкеси бөлүнүп берилген. Быйыл республикалык бюджеттен 90 орундуу бала бакча куруу каралып, сметалык наркы 75 млн сомду түзгөн.