WhatsApp мессенджеринде билдирүүлөргө быйтыкча менен реакция кылуу мүмкүн болот.
WABetaInfo порталы жарыялагандай, баштапкы этапта үч смайлик иштейт: кубануу,
кайгыруу жана таң калуу. Реакция жашыруун болуп саналбайт. Мындай функция азыр
Facebook Messenger тармагында иштеп жатат. Кнопка-смайлик диалогдогу
ар бир билдирүүнүн астына чыгып турат, колдонуучу каалаганын кетире алат.
Опция учурда иштеп чыгуу стадиясында, барына качан жеткиликтүү
болот азырынча белгисиз.