Кыргызстанда 511 бүтүрүүчү “Алтын тамга” сынагын ийгиликтүү тапшырды

Кыргызстанда 511 бүтүрүүчү “Алтын тамга” сынагын ийгиликтүү тапшырды.

Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, быйылкы тестирлөөгө

жалпысынан 1 миң 394 адам катышты. Билимди баалоо математика,

кыргыз тили жана адабияты, Кыргызстан тарыхы жана химия предметтери

боюнча жургузүлдү. Сынак учурунда катышуучуларга планшеттер

таратылды, муну менен алар дароо эле өз бааларын биле алышты.