Кыргызстандан Сауд Арабиясына ажылыкка  биринчи топ 15-16-июнда учат

Кыргызстандан Сауд Арабиясына ажылыкка  биринчи топ 15-16-июнда учат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Мусулмандардын дин башкармалыгынан билдиришти. Быйыл биздин өлкөгө ажылыкка барууга 2 миң 766 квота бөлүнгөн.

 

Сапардын баасы 4 миң 500 доллар деп бекитилди. Сауд Арабиясынын талабы боюнча, быйыл ажылыкка барчулардын жашы 65 жаштан жогору болбошу керек жана ПЦР тесттин терс жыйынтыгын көрсөтүп, коронавируска каршы эмдөөдөн өтүшү шарт.