Кыргызстанда туристтер үчүн QR-коддуу маалыматтык стенддер даярдалды

Кыргызстанда туристтер үчүн QR-коддуу маалыматтык стенддер даярдалды. Туризм департаментинен билдиришкендей, аларды иштеп чыгууга чет элдик агенттиктер көмөк көрсөткөн.

 

Жалпысынан туристтерге багыт бере турган 120дан ашык санариптик көрсөткүчтөр жасалды. Учурда алар орнотуу үчүн аймактарга өткөрүлүп берилүүдө.

 

QR-кодду сканерден өткөрүп, туристтик жай жөнүндө, анын кыскача тарыхы, архитектуралык өзгөчөлүктөрү, саякаттоо маршрутун мерчемдөө жана башкалар жөнүндө маалымат алууга болот.