Кыргызстандык балбан Алибек Осмонов дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыкты.
Бириккен күрөш дүйнөсүнүн маалымына ылайык, 65 килограмм категориясында ат салышкан
кыргызстандык чейрек финалда украиналык Василий Шуптарды 5:3 эсебинде утуп алды.
Эми финалга чыгуу үчүн ирандык атлет менен күрөшөт. Осмонов жарым чейрек финалда
бразилиялык балбанды 12:2 эсебинде, ал эми баштапкы этапта франциялык сплртчуну
11:0 менен уткан. Спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча дүйнө биринчилиги
Норвегиянын Осло шаарында өтүп жатат.