Майлуу-Суу чакан ГЭСи курулат

Майлуу-Суу чакан ГЭСи курулат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма-сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, долбоордун болжолдуу баасы  35 миллион доллар.

 

Курулуш иштери 2,5 жылда аяктайт деп пландалууда. Чакан ГЭС ишке кирсе, кубаттуулугу 26 мегаватты түзөт жана ал жылына орточо эсеп менен 108 миллион квиловатт саат электр энергиясын өндүрөт.

 

Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн Каржы-кредиттик фонду, “Майлы-Суу лампа заводу”, Евразия өнүктүрүү банкы жана Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду ортосунда биргелешип каржылоо каралууда.