Токио шаарында Олимпиада оюндары уланып жатат.
Кыргызстандык Владимир Золоев болсо мелдештерин жыйынтыктады.
Дзюдочу 27-июлда 81 кг чейинкилер арасында мелдешин баштаган. Чүчү кулактын жыйынтыгы менен ал 1/16 финалдан баштап, россиялык Алан Хубецов менен беттешти.
Негизги 4 мүнөт ичинде жеңүүчү белгилүү болгон эмес. Бирок бул учурда Золоев 2 жолу эскертүү алды. Андан кийин кыргызстандык спортчу активдүүлүгүн баштап, бирок атаандашына пассивдүүлүк үчүн эскертүү берилди.
Бирок кошумча убакыттагы 48-секундда Золоев моңголиялык калыс тарабынан дагы бир жолу — үчүнчү эскертүүнү алып, муну менен мелдештен четтеди. Эми ал медаль үчүн күрөшө албайт.