Пекиндеги Олимпиада оюндарында Кыргызстанды лыжа тебүүчү Максим Гордеев тартуулайт

Пекиндеги Олимпиада оюндарында Кыргызстанды лыжа тебүүчү Максим Гордеев тартуулайт. Бул тууралуу Улуттук олимпиадалык комитеттен билдиришти. Дүйнөлүк оюндарга “слалом” дисциплинасы боюнча катышуу укугуна Гордеев Бириккен Араб эмирлигинде былтыр өткө турнирде ээ болгон.

 

Делегациянын курамына анын машыктыруучусу Игорь Борисов жана Улуттук олимпиадалык комитеттин кызматкерлери кирди. Эске салсак, кышкы Олимпиада Пекинде    4-февралда башталат.