Кыргызстандык жөө күлүк Сардана Трофимова Кытайда өтүп жаткан Азия оюндарында коло медаль багындырды. Ал кыз-келиндер арасындагы марафондо чуркап, 17 спортчунун арасынан үчүнчү болуп келди.
Сардана Трофимова марага 2 саат 28 мүнөт 41 секундда жеткен. Анын жеңиши Кыргызстандын куржунуна алтынчы медалды алып келди. Учурда өлкө эсебинде 3 алтын, 3 коло медаль бар.