Футбол боюнча дүйнө чемпионаты биринчи жолу 3 континетте өтөт

 

Футбол боюнча дүйнө чемпионаты биринчи жолу 3 континетте өтөт. Маалымат каражаттары жазышкандай, 2030-жылы мундиалды бир учурда алты өлкө кабыл алат.

 

Турнирдин негизги ээлери – Испания, Португалия жана Марокко болот. Бирок алгачкы беттештер Аргентина, Парагвай жана Уругвайда өтөт. Белгилеп кетсек, 2026-жылы дүйнө чемпионаты АКШ, Канада жана Мексикада уюштурулат.