Нарын облусундагы жугуштуу оорулар ооруканасынын курулуш иштери 92 пайызга аяктады

Нарын облусундагы жугуштуу оорулар ооруканасынын курулуш иштери 92 пайызга аяктады.

Бул тууралуу novosti.kgге Курулуш жана архитектура агенттигинен билдиришти.

Ведомстводон белгилешкендей, объектини ушул жылы пайдаланууга берүү пландалган.

Бирок каражат бөлүү жагында айрым кыйынчылыктар жаралды. Бүгүнкү күндө жалпысынан

45 миллион сом жумшалды. Сумма “Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду”

тарабынан бөлүнүп берилди. Эске салсак, медициналык мекеме бир кабаттуу болуп, 70 орунга чакталат.