Кыргызстандыктардын орточо эмгек акысы 22 миң сомдон ашты

Быйылкы жылдын январь-апрель айларында кыргызстандыктардын орточо эмгек акысы чакан ишканаларды эсепке албаганда 22 миң сомдон ашты.

Улуттук статистикалык комитеттен белгилүү болгондой, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу номиналдык орточо айлык дээрлик 17 пайызга өстү.

Ал эми реалдуу эмгек акы инфляцияны эсепке алганда былтыркы жылга караганда дээрлик 4 пайызга жогорулады.