Бишкектин 9 көчө кесилишинде “акылдуу светофорлор” пайда болот

Бишкектин 9 көчө кесилишинде “акылдуу светофорлор” пайда болот. Бул тууралуу мэр Эмилбек Абдыкадыров билдирди. Анын айтымында, бул максатта Япония 3,5 миллион доллар бөлүп берет.

 

Каражат кайтарымсыз негизде тапшырылат. Бул суммага тыгын көп орун алган көчө кесилиштерине заманбап жолчырактар орнотулат, — деди мэр.