Ысык-Көлдүн суусу бардык талаптарга жооп берет. Айлана-чөйрөнү коргоо мамлекеттик агенттигинин адистери көлдүн ортосундагы жана жээктеги суунун анализин алышты.
Экологдор температураны жана башка компоненттерди текшерди. Анализдин жыйынтыгы менен, суунун сапаты тиешелүү нормаларга туура келет.
Белгилеп кетсек, Ысык-Көлдө анализ жылына 3 ирет алынат, сезондун башында, анын ортосунда жана сезон жыйынтыкталгандан кийин.