Кыргызстандын 2022-жылкы бюджети бекитилди.
Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду.
Ага ылайык, мамлекеттик инвестициялык гранттарды эске алуу менен
быйыл республикалык бюджеттин жалпы кирешеси 282 миллиард сом болот.
Сумма 2021-жылга салыштырмалуу 63 пайызга көп. Ал эми чыгымдар
291 миллиард сом өлчөмүндө сакталат. Былтыр бул көрсөткүч
110 миллиард сомго аз болчу. Ал ортодо 2022-жылы
бюджеттин таңсыктыгы 9 миллиард сомду түзөт.