Кыргызстандын 40тан ашуун жараны ишке орношуу үчүн Түштүк Кореяга жөнөп кетти

Кыргызстандын 40тан ашуун жараны мыйзамдуу ишке орношуу үчүн Түштүк Кореяга жөнөп кетти. Аларды чет мамлекетке Эмгек социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова узатты.

 

Белгиленгендей, 15 жыл аралыгында министрлик Кореянын ишканаларында 5 миңден ашык кыргызстандыкты иш менен камсыз кылды. Анын басымдуу бөлүгү тамак-аш, кагаз өнөр жай ишканаларында эмгектенет.

 

Алардын орточо эмгек акысы 2 миң долларды түзөт.