Кыргызстандын атынан ЕЭКтин министри болуп Арзыбек Кожошев дайындалды

Бишкекте өткөн Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин жүрүшүндө Арзыбек Кожошев Кыргызстандын атынан Евразия экономикалык комиссиянын энергетика жана инфраструктура боюнча министри болуп дайындалды.

Бул тууралуу ЕЭКтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, мурда бул кызматты Темирбек Асанбеков аркалап келген.