Нур-Султан – Бишкек — Нур-Султан аба каттамы бүгүнтөн тартып жанданат.
Аба жолдорун казакстандык авиакомпания жумасына эки жолу — шаршемби жана
жекшемби күндөрү уюштурат. Ал эми 3-декабрдан тартып аталган багыт боюнча
каттамдар жумасына 4 ирет аткарылат: дүйшөмбү, шаршемби, жума жана жекшемби
күндөрү. Учуу убактысы — 1 саат 50 мүнөттү түзөт. Эске салсак, учуулар
пандемияга байланыштуу 2020-жылдын башында токтотулган.