Бразилия курамасынын жылдыздуу чабуулчусу Неймар дүйнө чемпионатындагы алгачкы беттешин аягына чыгара алган жок. Сербия менен болгон оюнда ал 79-мүнөттө алмашууга кетти.
Кураманын дарыгеринин айтымында, Неймар бутун кокустатып алды. Учурда ал кийинки беттештерге катыша алары белгисиз. Эске салсак, бразилиялыктар түндө Сербия курамасын 2:0 эсебинде утуп алды. Дубльду Ришарлисон Андраде ишке ашырды.