Кыргызстан тай бокс боюнча дүйнө чемпионатында 14 медаль алды

Кыргызстандын спортчулары тай бокс боюнча дүйнө чемпионатында 14 медаль менен кайтты. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.
Ага ылайык, 15-22-ноябрь күндөрү Таиландда өткөн дүйнө чемпионатында курама команда 6 алтын, 5 күмүш, 3 коло уткан.
Кыз-келиндер арасында 48 килограмм салмак категориясында Фарида Абдуева, 57 килограмм салмакта Виктория Меликова жана эркектер арасында 60 килограмм салмакта Никита Цой, 63,5 килограмм салмакта Али-Хан Эргешов дүйнө чемпиону аталышты. Спорт сүйүүчүлөр арасында 63,5 килограмм салмакта Александр Кононенко, кадеттер арасында 63,5 килограмм салмакта Тимур Кутанов да дүйнө чемпиону болушкан.
Экинчи орунду алып күмүш тагынгандар:

Жаныбек Бейшебек уулу;

Айдар Каныбеков;

Данияр Өмүрбеков;

Александр Вавилов;

Анжелика Акылбек кызы.

Коло медаль жеңгендер:

Дмитрий Макаров;

Альберт Бактыбеков;

Ильяс Абдулин.

Министрлик спортчулар башкы машыктыруучу Сыргак Айталиевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышканын кошумчалады.