Чолпон-Атада өткөн Евразия өкмөттөр аралык кеңешинде кол коюлган документтер

Чолпон-Ата шаарында өткөн Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги отурумунун жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду. Алардын тизмесин министрлер кабинетинин маалымат кызматы жарыялады.
Документтер:

«Евразия экономикалык биримдигинде өнөр жай кооперациясын каржылоо жөнүндө» буйрук;

«Евразия экономикалык биримдигинин алкагында алкоголдук продукция рыногун жөнгө салуу жөнүндө макулдашуунун долбоору боюнча иштин жүрүшү жөнүндө» маселенин алкагындагы тапшырма;

«2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык биримдиги жөнүндө келишимге жеке жактар тарабынан сатылуучу товарлардын электрондук соодасынан кыйыр салыктарды алуунун тартибине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколдун долбоору тууралуу» маселе боюнча тапшырма;

«Евразиялык кайра камсыздандыруу компаниясын түзүү жөнүндө макулдашуунун долбоору жөнүндө» маселенин алкагындагы тапшырмалар;

«Евразия экономикалык биримдигине мүчө-мамлекеттердин транспорт чөйрөсүндөгү артыкчылыктуу интеграциялык инфраструктуралык долбоорлорунун тизмеси жөнүндө» буйрук;

«Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин улуттук валюталарын өз ара сооданын алкагында эсептешүүлөрдү ишке ашырууда колдонууну кеңейтүү боюнча мындан аркы иштер жөнүндө» буйрук;

«Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынын өткөрүү убактысы жана орду жөнүндө» буйрук;

«Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин мүчөлүгүнө талапкерди Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин кароосуна киргизүү жөнүндө» жарлык;

«Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын мүчөлүгүнө талапкерди Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин кароосуна киргизүү жөнүндө» буйрук.