Кыргызстандын ишкерлери дээрлик 400 млн сом пайызсыз насыя алышты

Кыргызстанда 10-июнга карата “Чакан, кичи жана орто ишканаларды шашылыш колдоо” долбоорунун алкагында ишкерлерге дээрлик 400 миллион сомго үстөксүз насыя берилди.

Бул тууралуу Бишкекте Каржы министрлиги уюштурган тегерек столдо айтылды.

Финансылык жардамды пайдалануу мөөнөтү 18 айга чейин.

Акча бизнеске эки категория боюнча берилди.

Биринчиси — 250 миң сомго чейин — жылдык жүгүртүүсү 8 миллион сомдон ашпаган жеке ишкерлерге басым жасалды.

2-категория — 1 миллион сомго чейин — жылдык жүгүртүүсү 30 миллион сомдон ашпаган жеке ишкерлерге жана юридикалык жактарга багытталды.