Кыргызстандын эки район башчылары алмашты.
Өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон токтомго ылайык,
Чүй облусундагы Аламедин районунун акими болуп
Бактыбек Анаркулов дайындалды, ал мурда өкмөттүн
Жалал-Абад облусундагы өкүлдүн орун басары болчу.
Ал эми Оштун Кара-Кулжа районунун башчылыгына
Дамир Кулубаев бекитилди. Ал 2017-18-жылдары
Чүйдүн Панфилов районунун акими болуп эмгектенген.