Кыргызстандын «Шамбала» тасмасы Американын “Оскар” сыйлыгына көрсөтүлөт

Кыргызстандын «Шамбала» тасмасы Американын “Оскар” сыйлыгына көрсөтүлөт.

Өлкөнүн Оскар комитетинин маалыматына ылайык, тасма «Эң мыкты эл аралык көркөм тасма»

наамына талапкер болот. Учурда дүйнөлүк калыстар тобу бардык тасмаларды тандоо үстүндө.

Белгилеп кетсек, аталган тасма Чынгыз Айтматовдун «Ак-кеме» повестинин негизинде тартылган.

Ал буга чейин Шанхайдагы эл аралык фестивалда көрсөтүлгөн. Балтика, Грузия жана

КМШ өлкөлөрүндөгү эң мыкты тасма үчүн «Ника – 2020» сыйлыгын жеңип алган.