Кыргызстандын таэквондочулары Азия чемпионатында байгелүү орундарга ээ болушту

Кыргызстандын таэквондочулары таэквондо WT боюнча өспүрүмдөр жана кадеттер арасындагы Азия чемпионатында байгелүү орундарга ээ болушту. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирет.

 

Чемпионат 2-8-сентябрь күндөрү Ливандын Бейрут шаарында өткөн. Ага 30 өлкөдөн 300гө жакын спортчу катышты.

 

Кыргызстандын таэквондочулары өлкөнүн тарыхында биринчи жолу беделдүү турнирдин жеңүүчүлөрү болушту. Алар: Абдулазим Абдурахимов 78 килограммдан жогорку категорияда коло медаль, Айзирек Курманбекова коло, ал эми Богдан Пягай күмүш медалдын ээси болду.

 

Аталган спортчулардын машыктыруучулары: Азим Таджибаев, Дмитрий Ли, Адилхан Абдрахимов жана Искендер Осмонов.