Кыргызстанда айрым айылдардын аталышын өзгөртүү пландалууда.
Министрлер кабинети Баткен облусундагы Көтөрмө айыл аймагын Молдо Нияз, Назаралиев айыл аймагын Үч-Коргон, Деш айылын Тынчтык, Дукур айылын Достук, Чек айылын Ынтымак деп өзгөртүүнү сунуштады.
Ошондой эле Ысык-Көл облусундагы Комсомольское айылына Кытай, Семеновский айыл аймагына Кожояр, ал эми Семеновка айылына Кожояр-Ата аталыштарын берүү пландалып жатат. Чечим жергиликтүү калк менен сүйлөшүүлөрдөн кийин, улуттук идеологияны бекемдөө максатында кабыл алынды.