Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу жогору. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар минстрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 13-декабрга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда, Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 55-110-чакырымдарында жана Каракол – Эңилчек унаа жолунун 74-86-чакырымдарында кар көчкү түшүшү мүмкүн.
Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалар ортосундагы 500 метр аралык чектелиши зарыл.