Арал постунда жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынды

Бишкек – Ош унаа жолунун Арал постунда жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынды. Унаа жана жолдор министрлигинен эскертишкендей, трассанын 272-чакырымы аркылуу чоң машинелердин бардык түрү өткөрүлбөй жаткан.

 

Мындай чара жасалма тыгындарды болтурбоо жана авариялык абалдарды алдын алуу максатында кечээ кабыл алынган.