Кыргызстандын тышкы карызы 4 млрд 494 млн долларды түздү

Соңку эсептөөлөргө ылайык Кыргызстандын тышкы карызы 4 миллиард 494 миллион долларды түздү. Бул тууралуу Novosti.kgге Каржы министринин орун басары Руслан Татиков билдирди

 

Маалыматка ылайык, эң ири кредитор – Кытай. Аталган мамлекетке тышкы карыздын көлөмү учурда 1 миллиард 782 миллион долларды түзөт же жалпы тышкы карыздын 100 пайызынын 40 пайызга жакыны Кытайга туура келет. Андан кийин Япония, Германия жана Түркия турат.

 

Кыргызстан карыздарды негизинен энергетика жана жол тармагына алган.