Кыргызстанда айыл-чарба продукциясынын экспорт жана импорту көбөйдү.
Айыл-чарба министрлигинин маалыматына ылайык, ушул жылдын 7 айында ЕАЭБ мамлекеттерине, Евробирикмеге жана башка бир катар өлкөлөргө 400 миң тоннадан ашык продукция чыгарылды. Бул өткөн жылдын ушул эле мөөнөт аралыгына салыштырмалуу, 90 миң тоннага көп.
Кыргызстан урук, мөмө-жемиш, жаңгак жана азык-түлүк экспорттоду. Ал эми импортту айта турган болсок, өлкөгө 230 миң тонна продукция алынып келинди, бул буга чейинки көрсөткүчкө караганда 50 миң тоннага көп.