Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсүнүн көлөмү өткөн жылы 15,5 миллиард долларга өстү.
Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.
Бул 2022-жылдын ушул мөөнөт аралыгына салыштырмалуу 30 пайызга көп. ЕАЭБ мамлекеттери менен эки тараптуу соода жөнүндө айта турган болсок, анын көрсөткүчү 4 миллиард доллардан ашты. Басымдуусу Россия жана Казакстанга туура келет.