Япониянын борборундагы вокзалда котормочу аппарат иштеп баштады

Япониянын борборундагы вокзалда котормочу аппарат иштеп баштады. Каалоочулар аны менен 11 тилде баарлаша алат. Алардын арасында англис, француз, испан жана кытай тилдери бар.

 

Дисплей алгач сөздөрдү япон тилинде көрсөтөт. Андан соң экранга котормочунун жообу чыгат.

 

Ошентип, өлкөнүн негизги темир жол оператору чет өлкөлүктөргө Токионун эң татаал транспорттук түйүндөрүндө багыт табууга жардам берет.