Мамлекеттик ипотекалык компания “Менин үйүм” программасынын алкагында “Жеңилдетилген ипотека” багыты менен насыяларды берип баштады.
Акчабар агенттигинин маалыматына ылайык, ипотека бюджеттик тармактын кызматкерлерине жылына 4-6 пайыздык чен менен берилет.
Жаңы программаны 5 жыл ичинде ишке ашырууга 30 миллиард сом багытталат.
Буга чейин белгилүү болгондой, бул максатта 5 миллиард сом берилген.