Кыргызстанга Азиялык өнүктүрүү банкы 80 миллион доллар бөлүп берет

Кыргызстанга Азиялык өнүктүрүү банкы 80 миллион доллар бөлүп берет.

 

Экономика жана каржы министринин орун басары Мирлан Байгончоков билдиргендей, сумманын бир бөлүгү насыя катары берилсе, бир бөлүгү кайтарымсыз акча.

 

Каражат Кепилдик фондуна келип түшөт, андан кийин кичи жана орто бизнести колдоого насыялар берилет. Кыргызстан жана Азиялык өнүктүрүү банкы ортосундагы макулдашуунун долбоорун парламенттин бюджет жана каржы комитети жактырды.